ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 9 - сентябры № 32/6-8
Талас облустук өнүктүрүү фондусуна атайын техникаларды, таштандылар үчүн контейнерлерди жана лоток, бордюр брусчатка чыгаруучу жабдууларды сатып алуу долбоорлорун сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы №633 сандуу токтому жана Талас шаарынын мэриясынын 08.09.2021-жылдагы №01-21/147 сандуу катынын негизинде, Талас шаарынын көчөлөрүн жана жөө жүргүнчү адамдар басуучу жолдорду түзүү жана ремонт иштерин өз убагында ишке ашыруу, таштандыларды топтоочу жайларды түзүү жана өз убагында ташып чыгаруу максатында иштелип чыккан долбоорлорду карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын мэриясы тарабынан 33 040,0 миң сомго эсептелген атайын техникаларды, таштандылар үчүн контейнерлерди, брусчатка, лоток жана бордюрларды чыгаруучу жабдууларды сатып алуу долбоорун Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенештин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Э.Аскаров) тапшырылсын.
Төрага | А.Жусупбеков |