Редакцияот 09.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз VI сессиясы

2021-жылдын 9 - сентябры № 33/6-8

Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерин кароо боюнча комиссия курамы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 04.12.2018-жылдагы “Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерин кароо боюнча комиссиясы тууралуу” жобосу жана Талас шаардык мэриясынын 06.09.2021-жылдагы №01-21/1274 чыгыш сандуу катынын негизинде, “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын №5 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Депутаттадын Талас шаардык кеңешинин 04.12.2018-жылдагы №160/26-7 токтомунун 2-пункту жокко чыгарылсын.

2. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерин кароо боюнча сапаттык курамы 5 адамдан турган комиссия түзүлүп, тиркемеге ылайык бекитилсин.

1. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.

 

Төрага

А.Жусупбеков

 

 

Тиркеме

 

Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерин кароо боюнча комиссиянын курамы:

 

1. А.Токторбаев - Талас шаарынын депутаты;

2. А.Сариева-Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысы;

3. Э.Кыдыралиев- Талас шаарынын мэриясынын башкы адиси (макулдашылды);

4. Г.Исбасарова-“Элназ” коомдук уюмунун төрайымы;

5. О.Маймурунов- Талас аймактык өз алдынча башкаруусунун башчысы(макулдашылды).

 

Жооптуу катчы

А.Сариева