Редакцияот 26.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы кезексиз 2-сессиясы

2021-жылдын 26 - августу № 3

“Көчөгө ат коюу жөнүндө”

Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2021-жылдын 26-августундагы кезексиз 2-сессиясы, Акназаров айылдык аймагынын Урмарал айылынын тургуну Кененбек уулу Азаматтын кайрылуусун карап , талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Акназаров айылдык аймагынын Урмарал айылынын Топой көчөсүнөн баштап Алгазы жана Ороскул көчөлөрүн кесип өткөн чоң жолго чейинки кайрылыш “Абдулаким “ атындагы кайрылыш деп аталсын.

 

2. Маркумдун небереси Кененбек уулу Азаматка аталган кайрылыштын иш чараларына жардам көрсөтүү жагы милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары Н.Умбеталиевага жүктөлсүн.

 

4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

К.Жорготаев