ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айыл кеңешинин кезексиз IV сессиясы
2021-жылдын 28 - июну № 4/3
«Ырыс айыл аймагынын Турмуш-тиричилик чарбасынын пайдалануу өлчөмүн бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик» Кодексин, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, Ырыс айыл аймагынын Турмуш-тиричилик чарбасынын пайдалануу өлчөмүн бекитүү жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жандандыруу, анын бюджетин толуктоо жана кошумча киреше булактарын тартуу максатында, Ырыс айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турмуш-тиричилик чарбысын 2021-жылга турмуш-тиричилик калдыктарын алып кетүү боюнча акы алуу №1 тиркемеге ылайык бектилсин.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Ырыс айыл аймагынын расмий www.yrys.org.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жусупбаевке милдеттендирилсин.
Ырыс айыл кеңешинин төрагасы: | Ш.Кадиркулов. |