ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айыл кеңешинин кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 15 - октябры № 6/1
Жер аянтын мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 15.07.2011-жылдагы №101-«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына, Жер Кодексинин 11-; 13-беренелерине негиз, 03.03.2020-жылы айыл кеңешинин кезексиз XVII сессиясынын №17/2 токтомуна, Ырыс айыл өкмөтүнүн жерге укук берүүчү комиссиясынын 08.09.2021-жылдагы №16 протоколуна жана Ырыс айыл өкмөтүнүн 08.09.2021-жылдагы №10-токтомуна ылайык, айыл өкмөтү тарабынан берилген сунушту депутаттар талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1). Сасык-Булак айылынын аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги №279-контурдагы 3,0 га кайракы айдоо, №82-контурдагы 4,8 га кайракы айдоо, №78-контурдагы 2,8 га кайракы айдоо жана жайыт жерлери эсебиндеги №81-контурдагы 0,8 га, №84-контурдагы 0,5 га, №85-контурдагы 1,1 га жалпысынан 13,0 га жер аянты мамлекеттик менчикке алынсын жана «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2). Логистикалык борбордун курулушу үчүн жактырылган 13,0 га жер тилкесинин картографиялык материалдарын жана чиймелерин даярдап берүү, трансформациялоого байланыштуу иштерди уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси У.Абжалиловко милдеттендирилсин.
3). Логистикалык борбор куруу үчүн тандалган жер аянтына жерге жайгаштыруу боюнча юридикалык иш кагаздарын даярдап, каттоодон өткөрүп берүү жагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынан суралсын.
4). Курула турган логистикалык борбордун архитектуралык план шарттарын жана башка тийиштүү архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Сузак районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
5). Курула турган логистикалык борбордун башкы планы бекитилсин.
6). Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Мирзаевке милдеттендирилсин.
7). Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Ырыс айыл аймагынын расмий www.yrys.org.kg сайтына жарыялансын.
8). Ушул токтом кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.
Ырыс айыл кеңешинин төрагасы: | Кадиркулов Ш.М. |