Редакцияот 25.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII - сессиясы

2021-жылдын 25 - октябры № 1

Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-сентябрындагы №01-15/667 кайрылуусун кароо жөнүндө

Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-сентябрындагы №01-15/667 кайрылуусунун негизинде, беренелерден үнөмдөлгөн акча каражатын зарыл чыгымдарга пайдалануу үчүн сметага өзгөртүү киргизүү боюнча Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү бюджеттин бектилген сметасына өзгөртүү киргизүү үчүн Багыш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Багыш айыл өкмөтүнүн:

- 70111 башкаруу бѳлүмүнүн 2215-беренесинен -700,0 миң сом акча каражаты азайтылсын.

 

2. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Турак-жай коммуналдык чарбасынын:

- 70629 бѳлүмүнүн 3111-беренеси 700,0 миң сомго акча каражаты кѳбѳйтүлсүн.

 

3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маматовго жана ФЭБ башчысы Р.Батировго милдеттендирилсин.

 

4. Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү КР Экономика жана финансы министрлигинин Сузак райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

 

6. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Төраганын м.а.

А.Акматбеков