БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII - сессиясы
2021-жылдын 25 - октябры № 2
Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 08-сентябрындагы №01-15/611 кайрылуу катын кароо жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 08-сентябрындагы №01-15/611«Шоро-Дѳбѳ участкасынан турумуш тиричилик калдыктарын жана таштандыларды таштоо үчүн №428, №429 контурларындагы жерден 1 гектар жер аянтын иштетүүгѳ уруксат берүү жөнүндө» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясынын 8-токтомунун негизинде түзүлгѳн убактылуу комиссиянын сунушунун карап, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Шоро-Дѳбѳ» участкасынан турумуш тиричилик калдыктарын жана таштандыларды таштоо үчүн №428, №429 контурларындагы жерден 1 гектар жер аянтын иштетүүгѳ уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык саясат өзгөчө кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Канназаровго жүктөлсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төраганын м.а. | А.Акматбеков |