CҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз VII сессиясы
2021-жылдын 29 - октябры № 24
Сүлүктү шаарынын Т.Марипов көчөсүндө жайгашкан №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын жылытуу мешин орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 340774 сом акча каражат бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 2021-жылдын 22-октябрындагы №01-12/14-1367 сандуу Сүлүктү шаарынын Т.Марипов көчөсүндө жайгашкан №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын жылытуу мешин орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 340774 сом акча каражат бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын Т.Марипов көчөсүндө жайгашкан №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын жылытуу мешин орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 340774 (үч жүз кырк миӊ жети жүз жетимиш төрт) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Мадаминов |