Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги(кезексиз) VI сессиясы
2021-жылдын 17 - ноябры № 6-1
Айыл өкмөтүнүн 9-айлык бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Т.Балтагулов айыл кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Токторбаевдин айыл өкмөтүнүн 9-айлык бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматы менен айыл кенешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңеши кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 9-айдын кирешеси15544600(он беш миллион беш жүз кырк төрт миң алты жүз)сом,чыгашасы12359039(он эки миллион үч жүз элүү тогуз миң отуз тогуз)сомдук бюджетинин аткарылышы жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция,ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн
3. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Э.Исманов |