Редакцияот 17.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги(кезексиз) VI сессиясы

2021-жылдын 17 - ноябры № 6-2

Айыл өкмөтүнүн 9-айында киреше салыктан түшкөн кирешени бөлүштөрүү жөнүндө

Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Маматовдун айыл өкмөтүнүн 9-айында киреше салыктан түшкөн кирешени бөлүштүрүү боюнча маалыматы менен айыл кеңешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңеши кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн 9-айында киреше салыктан түшкөн1000000(бир миллион )сом тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция,ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн

 

3. Токтом www alabuka.kg веб-сайтына жарыялансын.

 

4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы:

Э.Исманов