ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 27 - октябры № 3
Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин кыш мезгилине карата даярдыгы жетишээрлик дегээлде аткарылгандыгы белгиленсин. (Маалымат тиркелет)
2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү жагы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жана Исфана шаарынын мэри Ч.А.Рысовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Т. Сапаев |
| Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын 2021-жылдын 27-октябрындагы №3 токтомуна тиркеме. |
Исфана шаарына караштуу билим берүү мекемелерин 2021-2022- жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча
МААЛАМАТ.
Исфана шаарынын аймагындагы билим берүү мекемелерин, шаар мэриясынын калкын 2021-2022- жылдын күз-кыш мезгилдерине даярдоо жана электр тармактары боюнча иштерди жөнгө салуу максатында 2021-жылдын 2-апрелинде Исфана шаар мэриясынын №80 буйругу кабыл алынган. Ушул буйрук менен 2021-2022-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды уюштуруу боюнча шаар мэриясынын штабынын курамы жана иш-чаралары бекитилген.
Жогоруда аталган буйруктун негизинде күз-кыш мезгилине даярдык боюнча керектелүүчү көмүрдүн көлөмү ар бир социалдык мекемелер боюнча эсеби такталды. Билим берүү мекемелерин көмүр менен камсыздоо үчүн сатып алууларга конкурс өткөрүү боюнча шаар мэриясынын буйругун негизинде комиссия курамы түзүлгөн. Жалпы суммасы 5,397,400 сомду түзгөн сатып алууларга конкурс өткөрүлдү.
2021-жылдын 16-июнунда өткөрүлгөн конкурска 1 талапкер “Билал Кара-Суу” ЖЧК катышкан. Конкурстун негизиндеги баалар:
- БК маркасындагы көмүрдүн 1 тоннасы - 6000 сомду,
- БР маркасындагы көмүрдүн 1 тоннасы – 4100 сомду түзгөн.
Бардыгы болуп 5,171,500 сомго 1129,5 тонна көмүр сатып алууга келишим түзүлгөн. Анын ичинен:
- БК маркасындагы көмүр 284,5 тонна,
- БР маркасындагы көмүр 845,0 тонна.
2021-жылдын 4-октябрына карата ташылган көмүр 431,4 тонна же 38,2 %ды түзөт.
Ал эми электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу максатында Исфана шаар мэриясы жана шаарга караштуу ар бир билим берүү мекемелери жана башка социалдык объекттер боюнча электр энергиясын лимиттери бөлүштүрүлүп бекитилип берилген. Исфана шаар мэриясы жана шаарга караштуу социалдык обьекттердин лимити 2021-жылга жалпы 1268,3 миң кВт болуп түзүлгөн.
2021-2022-окуу жылынын кыш мезгилине карата билим берүү мекемелерине 85800 сом акча каражаты каралып электр жабдууларын, түйүндөрүн жана ички электролинияларын электротехникалык лабораториядан өткөрүлдү.
Билим берүү мекемелериндеги от казандарды жылуулук берүүгө даярдоо боюнча №1 Гимназия интернатына жана “Наристе” балдар бакчасына жаңы от казан сатып алууга конкурска тиешелүү иш-кагаздары даярдалып сатып алууларга жарыя берүүгө тапшырылды.
Азыркы учурда билим берүү мекемелеринин берген табыштамаларынын негизинде кышка карата керектелүүчү чарбалык материалдарды жана буюмдарды сатып алуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп, алынуучу товарлардын тизмелерин тактоо, бааларга мониторинг жүргүзүү жана техникалык сыпаттамалары иштелүүдө.
Билим берүү тармагы боюнча башкы адис: |
Хабибуллаев З. |