М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2021-жылдын 2 - декабры № 16
2021-жылда Атайын эсеп мамлекеттик дирекциясы тарабынан аткарылган иштери жөнүндө
Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылдары боюнча атайын эсеп мамлекеттик дирекциясынын байкоочу кеңешинин мүчөсү С.Кылдановдун маалыматын угуп жана талкуулап, М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылдары боюнча атайын эсеп мамлекеттик дирекциясынын байкоочу кеңешинин мүчөсү С.Кылдановдун 2021-жылда Атайын эсеп мамлекеттик дирекциясы тарабынан аткарылган иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Абдылдаев айылдык кеңешинин төрайымы: |
Р.Токтоназарова |