БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-октябры № 12 /IV-28
Бирдик айыл аймагындагы жер участокторун которуу жөнүндө
Бирдик айыл аймагында контур №113 жайгашкан «сугат айдоо» түрүндөгү жалпы аянты 1,68 га болгон жер тилкесин которуу жөнүндөгү дайындалган материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» убактылуу жобосунун жана Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 18 беренелерине ылайык,
Бирдик айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Бирдик айыл аймагында №113 контурунда жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындыгы «сугат айдоо» түрүндөгү жалпы аянты 1,68 га болгон жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан, «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына, индустриалдык-логистикалык борборлорду куруу максатында которууга макулдук берилсин.
2. Бул буйрук Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүго жөнөтүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын Бирдик айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жана Бирдик айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Бирдик айылдык кеңешинин төрагасы |
Ч.Миншанло |