КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 1 сесиясы
2021-жылдын 26 - июлу № 21
Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Чангыр-Таш айылынын Адыр участкасынан ооруукана курула турган жер аянтынбөлүп муниципалдык менчикке алуу боюнча Кара-Дарыя айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Чангыр-Таш айылындагы Адыр участкасынан № 1861 контрдан 2021-жыл 20-июль күнү келген каттуу селден жабыркаган участкалык оорукананын имаратын көчүрүп куруу үчүн 0,22 га жер аянты бөлүнүп муниципалдык менчикке алынсын.
2. Муниципалдык менчикке алынган жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестрине каттоо жагы ФЭБ башчсы Т.Алдозовко милдеттенидирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жүктөлсүн.
Эл депутатарынын Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Абдыгапаров |