Редакцияот 07.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин кезексиз II сесиясы

2021-жылдын 7 - августу № 22

Кара-Дарыя айыл аймагындагы Чангыр-Таш айылындагы “Ак-Тилек” балдар бакчасы жөнүндө

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин кезексиз 2- сессиясында “Ак-Тилек” балдар бакчасынын директору М. Самиеванын кайрылуусун карап чыгып, Кара-Дарыя айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Дарыя айыл аймагындагы “Ак-Тилек балдар бакчасына сел өтө көп келгенине байланыштуу ылайларын алып, тазалангандан кийин ошол жерлерди кайрадан цемент төшөө үчүн 5 (беш)тонна цементке 30(отуз) мин сом Жергиликтүү бюджеттен берилсин.

 

2. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Абдөзовко милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын өзумө калтырамын.

 

Кара-Дарыя айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 У. Абдыгапаров