Редакцияот 19.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 6-сесиясы

2021-жылдын 19 - августу № 30

Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын сунушу жөнүндө

Кара-Дарыя айыл аймагынын турак жайга муктаж жашоочуларынын арыздарынын негизинде турак жай жана социалдык объектилер менен камсыз кылуу максатында тандалган айыл чарба жер аянттарын калктуу конуш категориясына которуу боюнча тандалган материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13- беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “ Жерлерди которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу жобону бекитүү тууралуу” № 169 токтомуна негизденип Кара-Дарыя айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чангыр-Таш айылынын Адыр участкасынын жайыт жерлерден №1100, контурдан 4га, 1089 контурдан 3,5га, 1090 контурдан 2га, 1087 контурдан 2,2га, 1864 контурдан 0,86га баардыгы 12,5га калктуу конуш категориясына, 1665 контурдан 0,30га, ФАП курууга, 1868 контурдан 0,30га кичи футбол аянтча курууга,

     Тош айылынын Адыр участкасынан, жайыт жерлеринен №164контурдан 2,5га, ошол эле контурдан 2,0га, ошол эле контурдан 1,5га, 1100 контурдан 0,50га, калктуу конуш категориясына бардыгы болуп Адыр участкасынан 19,60га жер аянтына айыл чарба жерлеринин жайыт жерлеринен калктуу конуш жерлерине которууга макулдук берилсин.

2. Жогорудагы жер аянттарына тузүлгөн башкы план айылдык кеңештин сессиясында бекитилсин.

3. Ушул Токтомдун аткарылышын козомолго алуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом юстиция тарабынан каттоодон өткөрүлсүн жана каттоодон өткөрүү айылдык кеңештин катчысы Ч. Жантороевага милдеттендирилсин.

 

Кара-Дарыя айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 У. Абдыгапаров