КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 5-сесиясы
2021-жылдын 2 - июлу № 12
Чангыр-Таш айылындагы Аксылык Адыр участкасын өздөштүрүп бак тигүү үчүн №196 контурундагы жердин категориясын өзгөртүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Дарыя айыл аймагынын, Чангыр-Таш айылынын тургуну Абдиваитов Элдар арыз менен кайрылып, жайыт жеринен бак тигүү үчүн Аксылык участкасынын 196 контурунда жайгашкан 1 га жердин категориясын которуу маселеси талкууланып, такталып жана мүмкүнчүлүктөрү каралып, арыздануучунун демилгеси колдоого ээ болду. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15-статьясынын 8-1, 8-2 пунктарына негизденип, жерди которуу үчүн, тиешелүү ыйгарым укуктуу Сузак райондук админстрациясына жакынкы күндөрдө сунуштама жөнөтүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Тешебаевке жүктөлсүн
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Г.Сапарова |