Редакцияот 02.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 5-сесиясы

2021-жылдын 2 - июлу № 14

Эл аралык “Под Киргизским небом” аттуу долбоорго катышып, жакшы көрсөткүчтөргө ээ болгон окуучуларды Ысык –Көлгө жөнөтүү жөнүндө

Кара-Дарыя айылындагы №19 абдукаимов Адилбек атындагы жалпы билим берүүчу орто мектептин физика мугалими жана ата-энелердин кайрылуусун карап чыгып, Кара-Дарыя айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2020-2021- окуу жылындагы Польша мамлекетинин окулдору Адам Малиновский жана Евелина тарабынан уюшулган “Под Киргизским небом” атуу проектке катышып, жыйынтыгында эн жакшы жетишкендиктерге жетишип, 12(он эки) окуучу жана 2 (эки) мугалим Ыссык-Көлгө 7 (жети) күн (08.07-14.07.2021) окууга жолдонмо алганына байланыштуу Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 (он) миң сом бөлүнсүн.

 

2. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Абдөзовко милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтом юстиция тарабынан каттодон өткөрүлсүн жана каттодон өткөрүү айылдык кеңештин катчысы Жантороева Чынара Кудаярбековнага милдеттендирилсин.

 

Кара-Дарыя айылдык

кеңешинин төрагасы

 

У.Абдыгапаров