КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги биринчи уюштуруу сессиясы
2021-жылдын 10 - майы № 1-1
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан түзүлгөн эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүү жолу менен өткөрүлгөн жабык шайлоонун протоколуна ылайык, сессия токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын протоколунун жыйынтыгы боюнча көпчүлүк добушка ээ болгон Төрөбеков Болотбай Аманбаевич Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.
2. Бул токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жана көчүрмөсүн Аксы аймактык шайлоо комссиясына берүү жагы кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
Сессиянын төрагасы | Атабеков Т. |