КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
2021-жылдын 24 - майы № 2-1
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу “ Мыйзамынын 32-беренесине ылайк Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан сунушталган туруктуу комиссияларынын курамын шайлоо боюнча сунуштарды угуп жана талкуулап,сессия токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айылдык кеңеши төмөндөгүдөй туруктуу комиссиялардын курамы менен түзүлүп, бекитилсин:
I. Мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча ТК курамы:
1. Жумабаев Мураталы - төрага
2. Үркүнбаева Света
3. Атаяров Улукбек
4. Чукетаев Султанбай
II. Социалдык маселелер боюнча ТК курамы:
1. Шерматов Урмат - төрага
2. Эшимбаева Айнаш
3. Шеркулов Келсинбек
4. Жапаркулова Зебүкан
5. Урусалиева Бурулай
III. Айыл чарба жана жаратылышты коргоо маселелери боюнча ТК курамы :
1. Калыбеков Болотбай - төрага
2. Атабеков Тургунбек
3. Барпиева Бурулкан
4. Бапаева Асылкан
5. Мамыралы у.Айбек
IV. Бюджет жана экономика маселелери боюнча ТК курамы :
1. Арстанбеков Дамирбек - төрага
2. Касымбеков Сүйүналы
3. Калыбекова Мундузкан
4. Тургунбаева Келсинбү
5. Узеналы у.Нурбек
2. Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кирген маселелердин баарын алгач туруктуу комиссияларда талкуулап, андан кийин сессияга алып чыгуу ар бир туруктуу комиссиялардын төрагаларына милдеттендирилсин.
3. Кызыл-Туу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялоо жана КР нын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Д.Шатманалиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Төрөбеков |