Редакцияот 27.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин VII сессиясы

2021-жылдын 27 - октябры № 2

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн планын жогорулатуу жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жолдошева Айнура билдирүү жасады.

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин VII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн киреше булактарынан кармалган киреше салыгынын планы – 300,0 миң сомго, айыл чарбасына жараксыз жерди сатуудан түшкөн каражаттын планы – 132,0 миң сомго, “Нур Телеком” жоопкерчилиги чектелген ишканасы жерди ижарага алгандыгы үчүн, айыл ичиндеги жерлердин ижара акысынын планы – 109,0 миң сомго көбөйтүлсун.

2. Жогоруда белгиленген кирешелер эсебинен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 130-беренесине ылайык, бюджеттик баланстуулукту камсыздоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгү:

- 70911-бала бакча бөлүмүнүн 3111-имараттар жана курулмалар беренесине “Байчечекей” балдар бакчасынын жылытуу системасын, канализация, таза суу үчүн резервуар жана септик куруу үчүн – 241,0 миң сом, 3112-машиналар жана жабдуулар беренесине Орто-Сай айылындагы бала бакчага инвентарь, мебель алууга – 300,0 миң сом чыгымдалсын;

3. Бюджеттин бекитилген планына өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Финисы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.

4. Токтомду аткаруу жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошевага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Ленин айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Жылчымышев З.