ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII сессиясы
2021-жылдын 27 - октябры № 4
“Нур телеком” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын ижара келишимин кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңешинин депутаты Туркбаева Элмира билдирүү жасады.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Нур телеком” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын Жыгач-Коргон айылынын мектептин ичиндеги жайгашкан антеннанын ижара акысын жогорулатуу жөнүндө сунуш жөнөтүлсүн.
2. Ушул жылдын 15-ноябрь күнүнө жогорулатуу жөнүндө билдирүү келип түшпөсө, келишим бир тараптуу бузулсун.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Мурзаканов Чолпонбекке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана депутаттык этика” боюнча боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: |
Жылчымышев З. |