Редакцияот 27.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин VII сессиясы

2021-жылдын 27 - октябры № 6

Ленин айылындагы Тайгараев көчөсүндөгү 2-кабаттуу балдар бакчасынын имаратын муниципалдык менчикке каттоо жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Темиров Э. билдирүү жасады.

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин VII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сузак райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 29-сентябрь чыгыш №11/1-95-21 ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү боюнча сунушунун негизинде, Ленин айылындагы Тайгараев көчөсүндө жайгашкан 2-кабаттуу союз учурунда курулган бала бакча муниципалдык менчикке Ленин айыл өкмөтүнүн эсебине каттап, муниципалдык менчикке Мамлекеттик Акт жана ушул имаратка байланышкан бардык тийиштүү каттоо документтерди Кыргыз Республикасынын “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынан суралсын.

 

2. Токтомду аткаруу жагы Ленин айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Ленин айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Жылчымышев З.