Редакцияот 27.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин VII сессиясы

2021-жылдын 27 - октябры № 9

Нураков Алишер атындагы көчөгө тратуар салуу жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Ленин айылдык кеңешинин төрагасы Жылчымышев Замирбек билдирүү жасады.

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин VII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ленин айылынын Нураков Алишер көчөсүнүн батыш тарабына 820 (сегиз жүз жыйырма) метр тратуар салууга уруксат берилсин.

2. План-долбоорун (Архитектуралык техникалык корутунду жана башка керектелүүчү иш-кагаздар) даярдап берүү жагы Сузак архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Ленин айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Жылчымышев З.