ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 24 - сентябры № 5
«Демилгелүү жаштар» жумушчу тобунун сунушун кароо жөнүндө
«Демилгелуу Жаштар» Жумушчу тобунун, Ленин айыл аймагынын айылдарын жаштарынын жыйындарында жергиликтүү жамааттын көйгөйлөрүн талкуулап, жергиликтүү жамааттан, жаштардан түшкөн ой-пикир, сунуштарын, Жумушчу Топ мүчөлөрүнүн билдирүүсүн эске алып, Ленин айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаштардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча түзүлгөн иш-чаралар Ленин айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин.
№ | Иш-чаранын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булагы | Аткарууга жооптуулар |
1 | Ленин айыл аймагынан таштанды чыгарууну жөнгө салуу | 2021-2022 | Жергиликтүү бюджет, эл аралык уюмдар | Айыл өкмөтү |
2 | Жаштар жана ата-энелер балдары менен машыгуучу спорттук аянтча куруу | 2021-2022 | Жергиликтүү бюджет, эл аралык уюмдар | Айыл өкмөтү |
3 | Заманбап шаймандарга ылайык, жаштардын билимин жогорулатуу | 2021-2025 | Жергиликтүү бюджет, эл аралык уюмдар | Айыл өкмөтү |
4 | Суу Пайдалануучулар Бирикмесинин ишмердүүлүгүн санариптешрирүү. (Айыл чарба жерлерин тактоо боюнча жергиликтүү электрондук база түзүү жана сугат көйгөйлөрүн чечүү боюнча электрондук кезекке туруу, оптималдаштыруу). | 2021-2025 | Жергиликтүү бюджет, эл аралык уюмдар | Айыл өкмөтү |
2. Ушул токтом менен бекитилген иш-чараларды аткаруу жагы Ленин айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ленин айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: |
Жылчымышев З. |