КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 30-сессиясы
2021-жылдын 5 - марты № 30-2
Ички тартип жөнүндө
Кызыл-Туу айыл кеңешинин айыл чарба жана жаратылышты коргоо маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жайыт тартиби жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1. Жазгы жайытка чыгаруу мөөнөтү 5-майдан калбай,жайлоолорго 20-Малдарды майдан 1-июнга чейин көчүрүлсүн.Жайлоодон көчүп келүү 5-сентябрдан башталат, мөөнөтүнөн мурда көчүп келген малчыга КР Бузуулар боюнча мыйзамынын негизинде тиешелүү чаралар көрүлсүн.
2. Ар бир мал багуучу менен 2 тараптуу (жайыт комитети жана жайыт пайдалануучу) келишим түзүлсүн.
3. Бул токтом аткарылышы жайыт комитетинин төрагасы Ш.Арзыбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Алимбековго тапшырылсын.
Төрага: | Чукетаев С. |