КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 30-сессиясы
2021-жылдын 5 - марты № 30-3
Тракторду ижарага берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык айыл чарба жана жаратылышты коргоо маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын MT3-82-1 Белорусь тракторун ижарага берүү жөнүңдө билдирүүсүн yгуп жана талкуулап, сессия токтом кабыл алат:
1. Жайыт комитетинин балансында турган МТЗ-82.1 Белорусь тракторун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн тургуну Боронбаев Бекболсунга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу эки тараптуу келишим түзүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ш.Арзыбаевге жүктөлсүн.,
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жана жаратылышты коргоо маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Абдыбалиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомду расмий сайтка жарыялоо айылдык кеңештин катчысы Ж. Шайдиевага жүктөлсүн.
Төрага: | Чукетаев С. |