ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы
2021-жылдын 16 - ноябры № 19
Үч-Терек айыл өкмөтүндө жер маселелери боюнча атайын жер комиссиясынын курамын түзүп бекитүү жана Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча 2018-2021-жылдар аралыгында жарандарга берилген жер участокторун тактоо жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Келгенбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүндө жер маселелери боюнча атайын жер комиссиясынын курамы бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
3. Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча жарандарга берилген жер тилкелеринин берилишин текшерүүгө алып, жыйынтыгын чыгаруу жана Үч-Терек айылынын Жумуранды-Кыя участкасындагы суу кампанын айланасын тегеренип өтүүгө 8метр жол калтырып чечип берүү жагы, жер адис М. Келгенбаевке тапшырылсын.
4. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жолго чыгып кеткен жана чегинен ашкан тосмолорду, Токтогул райондук архитектура башкармалыгы жана Мамлекеттик кадастр мекемеси менен бирдикте алдыртып тартипке салуу жагы, айыл башчыларына, жер адис М. Келгенбаевке милдеттендирилсин.
5. Үч-Терек айылы боюнча кайрак үлүш жерлерди дыйкан чарбаларга жана ээлерине чектеп берүү жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары К.Көкөевге , жер адиси М.Келгенбаевке милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев |
| Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 2021-жылдын 16-ноябрындагы кезектеги VII- сессиясында кабыл алынган №19 - Токтомуна №1 тиркеме |
Үч-Терек айыл өкмөтүндө жер маселелери боюнча түзүлгөн комиссиянын
Курамы:
1. Көкөев Курсант- Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
2. Келгенбаев Майрамбек - Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси
3. Бадыров Мирлан-Токтогул райондук архитектура башкармалыгынын башчысы
4. Борбиев Нуржан –Мамлекеттик «Кадастр» мекемесинин Токтогул филиалынын башчысы
5. Сатыбаев Жекшен - Үч-Терек жайыт комитетинин төрагасы
6. Сыдыков Талант-Саргата айылынын айыл башчысы
7. Кошоев Абдылдабек –Жетиген айылынын айыл башчысы
8. Бектенбаев Сталбек-Кызыл-Ураан айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу
9. Жусупов Бейшенбек-Такталык айылынын айыл башчысы
10. Чолпонкулов Муратбек- Үч-Терек айыл кеңешинин депутаты
11. Мырзабеков Шайымкул- Үч-Терек айыл кеңешинин депутаты
12. Кадыров Алманбет- Үч-Терек айыл кеңешинин депутаты
13. Турдукулов Куралбек – Үч-Терек айыл кеңешинин депутаты
14. Урматаев Тагайбек- Үч-Терек айыл кеңешинин депутаты
15. Арстанбек уулу Чынгызхан- Үч-Терек айыл кеңешинин депутаты
16. Утанов Умар - Үч-Терек айыл кеңешинин депутаты
17. Көкүлов Муратбек-жарандык коомдун активисти
Жооптуу катчы: | Ч.Уметалиева |