Редакцияот 16.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы

2021-жылдын 16 - ноябры № 21

Үч-Терек айыл аймагы боюнча “Таза суу курулуштарын көзөмөлдөө, текшерүү жана кабыл алуу боюнча” комиссиясынын, Таза суу долбоорлорун ишке ашырып жаткан ишканалардын ишин текшерүүсүнүн биринчи этабынын жыйынтыгы жөнүндө

Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII–сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча түзүлгөн “Таза суу курулуштарын текшерүү, көзөмөлдөө жана кабыл алуу боюнча” айылдык кеңешинин комиссиясынын билдирүүсү колдоого алынсын.

 

2. Үч-Терек, Саргата, Кызыл-Ураан айылдарындагы Таза суу долбоорунун курулуштары толук бүтмөйүнчө, “Таза суу курулуштарын текшерүү, көзөмөлдөө жана кабыл алуу боюнча” комиссиясынын атайын корутундусу чыгып кабыл алынмайынча, башка кошумча комиссия түзүп кабыл алууга тыюу салынсын.

 

3. Таза суу долбоорунун жогоруда аты аталган айылдар боюнча конкурстук(тендердик) документтеринин көчүрмөлөрүн, Таза суу курулуштарын көзөмөлдөө текшерүү жана кабыл алуу боюнча комиссиясына камсыз кылып даярдап берүү жагы Үч-Терек айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевке милдеттендирилсин.

 

4. “Үч-Терек Таза суу ” муниципалдык ишканасынын уставы орус тилинде болгондуктан, кыргыз тилине (мамлекеттик тилге)которуп, кайра каттоодон өткөрүлүп, иштөө жоболору уставдын негизинде атайын комиссия менен иштелип даярдалуусу Үч-Терек айыл өкмөтүнө жана Үч-Терек таза суу муниципалдык ишканасына тапшырылсын.

 

5. Үч-Терек, Саргата, жана Кызыл-Ураан айылдарындагы таза суу долбоорунун курулуш иштери толук аяктап, Таза суу курулуштарын көзөмөлдөө текшерүү жана кабыл алуу боюнча комиссиясы тарабынан кабыл алынмайынча жана “Үч-Терек Таза суу” муниципалдык ишканасы толук уставдын негизинде ишке кирмейинче, жумушчуларды мыйзамсыз кабыл алуу менен ишке салуу аракеттерин токтотуу жагы айыл өкмөт башчысына эскертилсин.

 

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .

 

8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .

 

Үч-Терек айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Дөөлөткелдиев