Редакцияот 16.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы

2021-жылдын 16 - ноябры № 22

«Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун алкагында келген Амкадор 702 ЕМ, Беларус 892.2 техникаларынын элге көрсөткөн кызмат акы тарифтерин жана мал жууттардын калькуляциясын бекитүү жөнүндө

Жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевдин «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун алкагында келген техникалардын элге көрсөткөн кызмат акы тарифтерин жана мал жууттардын калькуляциясын бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII–сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевдин билдирүүсү эске алынсын.

 

2. Бүткүл дүйнөлүк «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2» программасынын алкагында, Үч-Терек жайыт комитетине келген техникалардын ижара акылары боюнча, ижарачылар менен мыйзамдуу келишимдер түзүлбөгөндүктөн, тиешелүү чаралар көрүлсүн жана аукциондун негизинде ижарага берүү жагы сунушталсын.

 

3. Бүткүл дүйнөлүк «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2» программасынын алкагында келген техникаларды жоболоштуруп, 2022-жылга карата аукционго коюп , келишимдин негизинде ижарачыларга берүү менен мыйзамдуу жолго салуу жагы жайыт комитетине жана айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

4. Үч-Терек жайыт комитетине караштуу бал бонитети төмөн жайыт жерлерин өздөштүрүп, көп жылдык бак-дарактарды өстүрүүгө, муктаж адамдарга ижара акысын 5(беш ) жылдык мөөнөткө бошотуу менен берилсин жана ижара тарифтери кайрадан каралып бекитилсин.

 

5. Кой жуутка салынган бир баш жандык үчүн 15(он беш) сом өлчөмүндө тариф бекитилсин.

 

6. Түшкөн акча каражатынан ар бир баш жандык мал үчүн төлөнгөн 15(он беш) сомдун 1(бир) сому жайыт комитетинин эсебине которулсун.

 

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кенешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

8. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .

 

9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .

 

Үч-Терек айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Дөөлөткелдиев