ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы
2021-жылдын 16 - ноябры № 23
Үч-Терек айылындагы З.Акаев жана Ш.Мейманкулов көчөсүнүн түндүк-чыгыш тарабындагы 0,30 чарчы метр муниципалдык менчикте турган жерди аукционго коюп сатууга макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Үч-Терек айылындагы З.Акаев жана Ш.Мейманкулов көчөсүнүн түндүк-чыгыш тарабындагы 0,30 чарчы метр муниципалдык менчикте турган жерди аукционго коюп сатууга макулдук берилсин.
3. Аукционду мыйзам чегинде өткөрүүнү уюштуруу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевге милдеттендирилсин .
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кенешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев |