ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы
2021-жылдын 16 - ноябры № 24
Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын 2021-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөт башчысы А. Байсабаевдин 2021-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин кезектеги VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын 2021-жылдын 9 айында аткарылган иштери боюнча отчету канааттандыралык деп табылсын.
2. Мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүнүн үстүндө иш алып баруу, салыктын түрлөрүнө талдоо жүргүзүп, кошумча булактарды табуу үчүн салык базаларын кеңейтүүнүн үстүндө иш жүргүзүү жагы ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н. Койчубаевага , улук салык кызматкери А.Ырысбаевке милдеттендирилсин.
3. Үч-Терек айылындагы таза суу долбоорунун жүрүшүндө бузулган ички арыктарды калыбына келтиртүү жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары К.Көкөевге милдеттендирилсин.
4. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн калкын медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу, Ковид-19 илдетинин жайылышын алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин жана калкка вакцинация иштерин жүргүзүү жагы Үч-Терек ЖДПБ башчысы М.Орозовко милдеттендирилсин.
5. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү жагы айыл башчыларына жана маданият кызматкерлерине милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев |