Редакцияот 06.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезексиз 6- cессиясы

2021-жылдын 6 - октябры № 6/13

Кызыл–Кыя шаарынын 2021–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2021–жылдын 6 айында аткарылышына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2021–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2021–жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндөгү маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021–жылдын №2,3,4,5 жана 6-протоколдорунун чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Кыя шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт секторунун 22154900 беренесинен 100,0 миң сом акча каражатын 22111100 беренесине которулуп берилсин.

 

2. Кызыл-Кыя шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт секторуна эмгек акыга кошумча 56,5 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

3. Кызыл-Кыя шаарынын «Караван» АБнын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин иш-планындагы Ак-Булак айылынын көчөлөрүнө таза суу куурларын орнотуу үчүн бөлүнгөн 950,0 миӊ сом акча каражатын М.Гвардия көчөсүнө таза суу куурларын орнотуу үчүн жылдырып берилсин.

 

4. Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылга долбоорунун 2023-2024-жылдарга орто мөөнөттүү божомолунун жыйынтыгы бекитилсин.

 

5. ММДнын 3111 «Активдер жана милдеттенмелер» беренесинен 1000,0 миӊ (бир миллион) сом кыскартылып, 2215 «Башка чыгымдар» беренесине шаардагы мектеп, бала бакчалардын чатырларын өрт коопсуздугунан сактоо жумуштарды аткаруу үчүн которулуп берилсин.

 

6. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2214 «Транспорттук чыгымдар» беренесинен эконом болгон 22,5 миӊ сом акча каражаты кызматтык автоунааны оңдоп түзөө үчүн бөлүнүп берилсин.

 

7. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн жергиликтүү бюджеттин 22211100 статьясынан 50 000 сомго кыскартылып, 22154900 статьясына 50,0 миӊ сомго көбөйтүлүп берилсин.

 

8. Кызыл-Кыя шаарынын ММДнин 3111 «Активдер жана милдеттенмелер» беренесинен үнөмдөлгөн 1457,6 миӊ сом акча каражаты шаардын мэриясынын 2021-жылда каралбаган төмөнкү кошумча жумуштарын аткаруу үчүн бөлүнүп берилсин:

 

1) Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесин өткөрүүгө, маданият бөлүмүнө 108,0 миӊ сом;

2) Шаардын ардагерлерин жана белгилүү инсандарды Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесин белгилөөгө 60,0 миӊ сом;

3) Баткен шаарына Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине барып келүү чыгымдарына 50,0 миӊ сом;

4) Билим берүү бөлүмүнө 2021-2022-окуу жылына карата мугалимдердин август кеңешмесин өткөрүүгө 50,0 миӊ сом;

5) Кызыл-Кыя шаарынын «Тазалык» МП ишканасына автоунаа сатып алууга 500,0 миӊ сом;

6) Кызыл–Кыя шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнө спорттук оюндарга 30,0 миӊ сом;

 

9. Шаардын Жусубалиев көчөсүндөгү лотоктордогу туруп калган сууну жана келген селдин агым сууларын кетирүү, №12 «Ак-Куу» балдар бакчасынын тосмосунун жанынан сел кетүүчү өтмөккө чейин лоток орнотуу жумуштарына 111,1 миӊ сом акча каражаты ММДнин 3111 «Активдер жана милдеттенмелер» беренесинен үнөмдөлгөн 1457,6 миӊ сом акча каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин;

 

10. 2021-2022 жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында, жылуулук берүүчү тармагында профилактикалык жана оңдоп түзөө жумуштарын өткөрүү үчүн ММДнин 3111 «Активдер жана милдеттенмелер» беренесинен үнөмдөлгөн 1457,6 миӊ сом акча каражатынын эсебинен кошумча 196,8 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;

 

11. 2021-жылдын 14-21 апрель айында өткөрүлгөн «Жыл мугалими-2021» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоого 10,0 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

12. Кызыл-Кыя шаарынын ММДга Мамлекеттик Актыларды алуу жана алмаштыруу үчүн 2215 «Башка чыгымдар» беренесине 240,8 миң сом акча каражаты ММДнын 2021-жылга бюджетинен жүргүзүлсүн.

 

13. Улуттук маданий борбордун курулушуна кошумча иштерге 208,7 миӊ сом акча каражатын кароого макулдук берилсин.

 

14. Шаардын 15-кичи районундагы спорттук залдын курулушун курууда кошумча иштерге 153,4 миӊ сом акча каражатын кароого макулдук берилсин.

 

15. Шаардын «Караван» АБна дем берүүчү грантка даярдалып өткөн долбоорго (Салиева көчөсү менен Сартбаева көчөсүнүн кесилиши) 3 800,0 миң сом акча каражатын кредитке каралган акча каражатынын эсебинен кароого макулдук берилсин.

 

16. «Караван» аймактык башкармалыгы аркылуу «Кызыл-Кыя Сууканал» ММне скважина сатып алуу үчүн, жергиликтүү бюджеттин ЕБРРден алган насыяны төлөөгө каралган акча каражатынан 1000,0 миӊ сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.

 

17. Кызыл-Кыя шаарынын У. Гулматов атындагы орто мектебинин 2221 «Учурдагы оңдоо» статьясынан 150,0 миң сомго жана 22311200 «Электр энергияга төлөмдөр» статьясынан 100,0 миң сомго кыскартылып, 22241100 «Көмүр сатып алуу» статьясына 150,0 миң сомго жана 3112 «Эмеректерди сатып алуу» статьясына 100,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.

 

18. «Кыргызстандын 60 жылдыгы» көчөсүн асфальтоого жергиликтүү бюджеттин Экономикалык бөлүкчөдө кредит төлөөгө каралган акча каражаттын эсебинен 8572,1 миң сомго кыскартылып, ММДнын 3111 «Активдер жана милдеттенмелер» статьясына 8572,1 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.

 

19. Кызыл-Кыя шаарынын №1 Карбышов атындагы орто мектебинин кошумча тамактануу залын капиталдык оңдоп түзөө үчүн Экономикалык бөлүкчөдө сырттан келген гранттарга каралган акча каражаттын эсебинен 64,1 миң сомго кыскартылып, мектептин 2215 «Башка чыгымдар» статьясына 64,1 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.

 

20. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 22211100 «Учурдагы оңдоо» беренесинен 150,0 миң сомго кыскартылып, 3112 «Активдер, эмеректердин сатып алуу» беренесине 150,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.

 

21. Жергиликтүү бюджеттин Экономикалык бөлүкчөсүнөн Кызыл-Кыя шаарындагы ден-соолукту чыңдоо комплексинин ремонт иштерине 85,3 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

22. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Калматов