Редакцияот 19.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-УНКУР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Ункур айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын кезектеги II сессиясы

2021-жылдын 19 - августу № 5

«Кызыл-Ункур айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын уставын бекитүү жөнүндө»

Кызыл-Ункур айыл аймагынын “CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору учун кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында “Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын” (КАИА) аткаруу комитетинин торагасы Сатар уулу Азатбектин КАИАнын уставын бекитип беруу жонундо маалыматын угуп жана талкуулап, 2005-жылдын 21-февралындагы №36 “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” КР Мыйзамын жана 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамын жетекчиликке алып, Кызыл-Ункур айыл аймагында түзүлгөн Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясын айылдык кеңеште каттоо, бекитуу боюнча Кызыл-Ункур айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Ункур айыл аймагынын “Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын” (КАИА) 2021-жылдын 17-июнундагы жалпы чогулушунун №1 протоколу менен бекитилген уставы айылдык кеңештен каттоодон өткөрүлсүн жана бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Аталган Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине каттоо айылдык кеңештин жооптуу катчысы Тагаева Жыпарага жүктөлсүн.

3. Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Г.Имаровага милдеттендирилсин.

 

Кызыл-Ункур айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Бейшенкул уулу Амантур