КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 19 - августу № 5
Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын жана Кызыл-Үңкүр айыл аймагына “Органикалык токой айыл аймагы” статусун берүү жөнүндө
Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын төрагасы К. Аманкулов жана Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору З. Семетеевдин Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын аймагына жана Кызыл-Үңкүр айыл аймагына "Органикалык токой айыл аймагы" деп жарыялоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө”, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана башка укуктук актыларына ылайык, ошондой эле Кыргызстандын токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулар Ассоциациясы жана өнөктөштөрү менен, аймакты туруктуу өнүгүүсүн, айлана-чөйрөнүн жакшыруусу менен, калктын жыргалчылыгын жана ден соолугун камсыз кылууну сунуштаган кайрылуусун эске алуу менен. Кызыл-Үңкүр айылдык кеңеши айыл аймагынын туруктуу (экономикалык, социалдык жана экологиялык жактан) өнүгүү проблемаларынын чечилишин жакшыртуу (күчөтүү) максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын төрагасынын жана Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директорунун Кызыл-Үңгүр токой чарба аймагына жана Кызыл-Үңкүр айыл аймагына "Органикалык токой айыл аймагы" статусун берүү боюнча билдирүүсүн угуп, жогорку органикалык жөндөмү жана өндүрүш технологиясы зор аймак болгондуктан, сунуштарына макулдук берилсин.
Ошондой эле "Кызыл-Үңкүр органикалык токой айыл аймагы" статуска ээ болгондуктан төмөнкүлөргө салым кошот:
- Токой жана айыл чарба органикалык продуктыларын жана тиричилик буюмдарын өндүрүүнү камсыз кылуу, аны кайра иштетүүнү, таңгактоону жана сертификациялоону уюштурууда улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык, аларды ички жана тышкы рынокко атаандашууга чыгарууга;
- Жергиликтүү жамааттар тарабынан туруктуу токой чарбасын жүгүзүү аркылуу айылдык аймактын калкын жана башка региондордун керектөөчүлөрүн экологиялык жактан таза азык -түлүк менен камсыз кылуу, жергиликтүү жамааттар тарабынан органикалык кыймылдын принциптерине негизделген салттуу маданияттын потенциалын колдонуу жана токой экосистемасын сактоо;
- Жашыл экономиканы өнүктүрүү, айыл аймагынын азык-түлүк жана азыктык коопсуздугун камсыз кылууда;
- Калктын жыргалчылыгын жана ден соолугун камсыз кылуу, билим деңгээлин жогорулатууда;
- Табигый кырсыктардын таасирин азайтуу жана COVID-19 сыяктуу ар кандай шоктун пайда болушун азайтууда;
- Колдо болгон жаратылыш ресурстарын аң-сезимдүү пайдалануунун негизинде жергиликтүү жамааттар менен айлана-чөйрөнүн ортосунда гармониялуу мамилелерди түзүүдо;
- Элдик билимдерди жана алдыңкы практикалык тажрыйбаны кеңири колдонууда;
- Жергиликтүү жамааттардын жана башка кызыкдар тараптардын руханий жана маданий потенциалын жогорулатууда;
- Башка региондорго, айыл аймактарга үлгү болууда.
2. Кызыл-Үңгүр айыл аймагынын торагасына жана, Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директоруна, Кыргыз Республикасынын Токой Кодексин, “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алып, токой зонасында органикалык өндүрүштү туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
3. Кыргызстандын токой пайдалануучуларынын жана жер пайдалануучуларынын Ассоциациясына жана алардын өнөктөштөрүнө, бардык кызыкдар улуттук жана эл аралык уюмдарга төмөнкүлөрдү камсыз кылууну сунуштоо:
- органикалык өндүрүш менен алектенген “Когой” жамаатынын жана башка токой пайдалануучуларды маалыматтык, консультациялык жана методикалык жактан колдоого көмөк көрсөтүү;
- токойдун органикалык продукциясын ички жана дүйнөлүк рынокко чыгарууга көмөктөшүү;
- органикалык өндүрүштү өнүктүрүү үчүн донорлорду жана инвесторлорду тартууга көмөктөшүү;
- токойдун органикалык продукциясына эл аралык сертификат алууга жардам берүү;
- органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү жаатында изилдөө иштерин жүргүзүүгө колдоо көрсөтүү;
- токойду пайдалануучулардын органикалык өндүрүштү жүргүзүү билимин жана тажрыйбасын жогорулатууга колдоо көрсөтүү;
- маалыматтык кампанияны колдоо.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Үңүр айыл аймагынын башчысы К.Аманкуловго жана Кызыл-Үңгүр токой чарбасынын директору З.Семетеевге жүктөлсүн.
Төрага: | Бейшенкул уулу Амантур |