Редакцияот 24.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын кезексиз III сессиясы

2021-жылдын 24 - августу № 7

Кызыл-Үңкүр айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30жылдык мааракесин” салтанаттуу өткөрүү жөнүндө

Кызыл-Үңкүр айылдык кеңештин депутаттары Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын башчысы К. Аманкулов жана Кызыл-Үңкүр айыл өмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Өсөровдун Кызыл-Үңкүр айыл аймагында " Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30жылдык мааракесин ” 2021-жылдын 31-августунда салтанаттуу өткөрүү жөнүндө койгон сунушун угуп жана талкуулап чыгып.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын башчысы К. Аманкулов жана Кызыл-Үңкүр айыл өмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Өсөровдун Кызыл-Үңкүр айыл аймагында " Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30жылдык мааракесин ” 2021-жылдын 31-августунда салтанаттуу өткөрүү жөнүндө койгон сунушуна макулдук берилсин.

- Кызыл-Үңкүр айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30жылдык мааракесин ” салтанаттуу өткөрүүдө ысык тамак, оюн-зоок тамашалар жана спорт оюундарынын түрлөрү уюштурулсун;

- Кызыл-Үңкүр айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30жылдык мааракесин ” салтанаттуу өткөрүүгө Кызыл-Үңкүр айыл өмөтүнүн өздүк бюджетинен 50,0 миң сом акча каражаты каралсын;

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана камсыз кылуу жагы Кызыл-Үңүр айыл аймагынын башчысы К.Аманкуловго жана Кызыл-Үңкүр айыл өмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Өсөровгө жүктөлсүн.

 

Төрага:

 Бейшенкул уулу Амантур