КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 11 - майы № 1
«Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө»
Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 6-бөлүгүнүн 37-беренесинин негизинде
Кызыл-Үңкүр айылдык кенешинин төрагасы болуп айылдык кенешинин депутаты Бейшенкул уулу Амантур шайлансын.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун көчүрмөсүн райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү жагы айыл кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары : |
Имарова Г.К |