Редакцияот 26.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы

2021-жылдын 26-октябры № 35/7-8

 

Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдын 9 айында аткарылган иш аракеттери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту жана 44-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Талас шаарынын социалдык -экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдын 9 айында аткарылган иш аракеттери жөнүндө отчетун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаарынын социалдык -экономикалык жактан өнүгүүсүнүн 2021-жылдын 9 айында аткарылган иш аракеттери жөнүндө отчету “канаттандыраарлык” деп табылсын.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары

А.Курамаев