ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 26-октябры № 36/7-8
Талас шаарынын 2021-2025-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 44-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 07.09.2021-жылдагы №01-21/1465 чыгыш сандуу катынын негизинде “Талас шаарынын 2021-2025-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2021-2025-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төраганын орун басары | А.Курамаев |