Редакцияот 26.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы

2021-жылдын 26-октябры № 38/7-8

 

Талас шаарынын Э.Мадиев көчөсүнүн №63 дарегинде жайгашкан муниципалдык имаратты бала бакча кылуу максатында оңдоп түзөө иштери боюнча долбоорун Талас өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы №633 сандуу токтому, Талас шаарынын мэриясынын 08.10.2021-жылдагы №01-21/1722 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын № 5 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Талас шаарынын Э.Мадиев көчөсүнүн №63 дарегинде жайгашкан муниципалдык имаратты бала бакча кылуу максатында оңдоп түзөө иштери үчүн 8 422 540 сомго эсептелген долбоорун Талас өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин.

1. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Э.Аскаров) тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары

А.Курамаев