АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VIII сессиясы
2021-жылдын 19-октябры № 21
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин курамы боюнча маалыматын угуу жана курамына айылдык кенештен мүчөлөрдү сунуштоо жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин курамы боюнча маалыматын угуу жана курамына айылдык кенештен мүчөлөрдү сунуштоо боюнча маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VIII сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин курамына айылдык кенештин төмөндөгү депутаттары сунушталсын.
1. Аскарбеков Расул
2. Тезекбаев Жолдубай
3. Тиленбаев Урумкалый
4. Малабеков Талант
2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин тѳрагасы | К.Таалайбек уулу |