АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VIII сессиясы
2021-жылдын 19-октябры № 22
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн 9 айдын жыйынтыгы боюнча маалыматын угуу жөнүндө
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн 9айдын жыйынтыгы боюнча маалыматын угуу боюнча маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VIII сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн 9 айдын жыйынтыгы боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Төмөндөгү беренелердеги акча каражаттары:
-Аппараттын 2215 беренесиндеги 1510000сом пайдаланылбаган акча каражатынан Торкен айылынын 300орундуу клубдун курулушуна 781306сом өздүк салым катары клубдун 3111беренесине, Кара-Жыгач айылынын 200орундуу клубдун курулушуна 559694сом өздүк салым катары клубдун 2215беренесине, Мектептин 2222беренесине 60000 доска сатып алууга жылдырылсын;
-Аппараттын 2222беренесиндеги 80000сом, соцкамсыздоонун 2721беренесиндеги 40000сом, китепкананын 3112беренесиндеги 23000сом жана 2221беренесиндеги 6000сом жал, аппараттын 2215беренесиндеги 139000сом жалпы 288000сом акча каражаты, балдар бакчасынын 2218 беренесине тамак-ашын сатып алууга жылдырылсын.
Аппараттын 2222беренесиндеги 100000сом бала бакчанын 2222беренесине видеобайкоо жабдууларын сатып алууга жылдырылсын.
Мектептин 2211беренесиндеги 24000сом, 2224 беренесине көмүр сатып алууга жылдырылсын.
Аппараттын атайын эсебинин 2222 беренесиндеги 40000сом, бала бакчанын 2218беренесине тамак-аш сатып алууга жылдырылсын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин тѳрагасы | К.Таалайбек уулу |