Редакцияот 19.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VIII сессиясы

 

2021-жылдын 19-октябры № 26

Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын жеке ишкерлери Үкүбашов Азамат Кыйтказиевичтин жана Дөөлөткелдиев Бузурман Өмүркановичтин балык чарбасын уюштурууга жазган арызын кароо жөнүндө

Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын жеке ишкерлери Үкүбашов Азамат Кыйтказиевичтин жана Дөөлөткелдиев Бузурман Өмүркановичтин балык чарбасын уюштурууга жазган арызын кароо боюнча маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VIII сессиясы карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын жеке ишкерлери Үкүбашов Азамат Кыйтказиевичке жана Дөөлөткелдиев Бузурман Өмүркановичке балык чарбасын уюштурууга макулдук берилсин.

2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.

4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.

 

Кеңештин тѳрагасы

К.Таалайбек уулу