ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы
2021-жылдын 25-октябры № 23
Токтогул шаарында 2021-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде аткарылган иштер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, 2021-жылдын 9 айына жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, токтомдор, протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө шаардын мэри Б.Болгонбековдун маалыматын, “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 9 (тогуз) айына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча такталган план 31 742,8 миң сом болуп, аткарылганы 34 635,9 миң сомду түзгөндүгү, тактап айтканда жалпысынан 109% аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Транспорт каражаттарына салык чогултуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иштер жүргүзүлсүн, жылдын жыйынтыгы менен берилген пландын аткарылышы боюнча маалымкат-негиздеме берилсин.
3. Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун маалыматы эске алынсын.
4. 2018-жылдан баштап аткарууга берилген токтомдор, протоколдук тапшырмалар инвентаризацияланып, тиешелүү иштер жүргүзүлсүн, ушул жылдын жыйынтыгы менен такталган маалымат берилсин.
5. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (А.Дербишев, М.Калмурзаев, Д.Караева, У.Тойчубеков) тапшырылсын.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
М.Н.Жусупахунов |