ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы
2021-жылдын 25-октябры № 25
31.05.2018-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, 31.05.2018-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 31.05.2018-жылдагы № 03 токтомдун 2,3 пункттарына төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилгендиги эске алынсын.
2. СДПК фракциясынын депутаты Тууганбаев Байызбек Болотбекович Токтогул шаардык кенешинин “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, даректүү жардам, коомдук уюмдар, жумушсуздук, санитардык абал боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына кошулсун.
3. “Энергетиктер” фракциясынын депутаты Ташболотов Улан Коргонбекович “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, экология, мамлекеттик стандарт, мыйзамдуулукту чындоо, боюнча” туруктуу комиссиянын курамына кошулсун.
4. Тиешелүү туруктуу комиссиянын иш планына ылайык иш алып баруу жагы жогоруда аталган депутаттарга (Б.Б.Тууганбаев, У.К.Ташболотов)) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
М.Н.Жусупахунов |