ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы
2021-жылдын 25-октябры № 30
Токтогул шаарында “Таза суу” долбоорунун алкагында суу түтүктөрдү ар бир суу пайдалануучунун эшик алдына (дарбазасына) чейин жеткирип берүү боюнча
Токтогул шаарында Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкы тарабынан каржыланып, ишке ашырылып жаткан “Таза Суу” долбоору боюнча жаңы суу түтүктөрдү көчөлөргө чейин гана жеткирүү каралып калгандыгы жашоочуларыбызга жана бузулган жолдорду калыбына келтирүүдө ар кандый ыңгайсыздыктарды жаратып жаткандыгы жөнүндө сунуш, өтүнүчтөр айтылып келе жатат.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга ылайык, шаарыбыздагы жашоочулардын суроо-талаптарын эске алып, жаңы тартылып жаткан суу түтүктөрүн ар бир үйдүн эшик алдына (дарбазасына) чейин жеткирүү боюнча Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы М.Н.Жусупахуновдун сунушу сессиянын жүрүшүндө жалпы депутаттар тарабынан ар тараптуу талкууланды.
Жогорудагы талкуунун жыйынтыгы менен, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таза Суу” долбоорунун алкагында жаңы суу түтүктөрдү ар бир суу пайдалануучунун эшик алдына (дарбазасына) чейин жеткирип берүү жөнүндө Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы М.Н.Жусупахуновдун сунушу жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Жогоруда аталган иштерди “Таза Суу” долбоорунун жалпы наркынын 10% (күтүлбөгөн чыгымдар үчүн каралган) көлөмдөгү акча каражаттарынын эсебинен аткарууну тиешелүү мамлекеттик мекеме, уюмдар менен макулдашуу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков), “Токтогул Суу-Канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасынын жетекчисине (Ч.Анарбаевге) сунушталсын.
3. Жалпысынан бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга (К.Дербишев, М.Калмурзаев) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
М.Н.Жусупахунов |