КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2021-жылдын 06-сентябры № 11
Жол боюндагы өсүп кооптуу жагдай жараткан кара талды кыюу жөнүндө
Кара-Суу айылынын тургуну Рыскулов Өмүрзактын жол боюндагы өсүп кооптуу жагдай жараткан кара талдар үйүн көздөй кыйшайып коркунучтуу абалда тургандыгы жөнүндөгү арызын карап чыгып, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдык жеринде турган кара талдар Рыскулов Өмүрзактын Б.Оторбаев көчөсүндөгү №86 үйүн көздөй кыйшайып өсүп катуу шамалда үйүн басып калуу коркунучу бар. Жогорудагылардын негизинде Кара-Суу айылдык кеңеши чечим кылат, 1 түп кара тал кыйылсын, 2 түп кара тал буталсын.
2. Кара талдарды кыюуну көзөмөлдөп туруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аскердик эсепке алуу столунун инспектору боюнча адистин милдетин аткаруучу М.Эсеналиевке жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Самсиев |