Редакцияот 09.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  кезексиз VII сессиясынын

2021-жылдын 9-декабры № 17

Жалал-Абад областынын Токтогул районунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебине 2022-жылга карата Бел-Алды айыл аймагына керектелүүчү акча каражатын сунуштоо жөнүндө.

Жалал-Абад областынын Токтогул районунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинен 2022-жылга карата Бел-Алды айыл аймагына керектелүүчү акча каражаты боюнча Бел-Алды айыл өкмөт башчысы Б.Багымбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Жалал-Абад областынын Токтогул районунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинен 2022-жылга карата Бел-Алды айыл аймагына керектелүүчү акча каражаты төмөндөгүчө сунушталсын.

 

№

Жумуштардын аталышы

Сунушталган суммасы миң.сом

1

Айыл аймагына электр мамыларын орнотууга.

500,0

2

Айыл аймагындагы ички жолдорду оңдоого (кум-шагыл төшөө).

500,0

3

Айыл аймагындагы көчөлөргө түнкү жарыктандырууларды орнотуу (күн нуру аркылуу).

800,0

4

Жерлерди трансформациялоого (ген план киргизүүгө).

700,0

5

Жаңы-Арык каналын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү.

15000,0

6

Айыл аймагындагы ички жолдорго трубаларды алуу үчүн.

300,0

7

М.Жамгырканов орто мектебинин имаратынын чатырын алмаштыруу.

800,0

8

Кичи-Шай,Чоң–Шай жакынкы жайыттарына суу жеткирүү үчүн эки каптаж куруу.

2640,0

9

Бадалык-Карагайлуу алыскы жайыттардын жолуна көпүрө куруу.

1450,0

10

Торпу жакынкы жайыт жолун 500 метр узундукка узартуу.

682,0

11

Ы.Алымбеков орто мектебинин спорт аянтчасынын айланасын королоо.

700,0

 

Жалпы :

24072,0

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

3. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.комиссияга милдеттендирилсин.

 

Бел-Алды айылдык кеңешинин төрагасы

Асанов А.А.