БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы
2021-жылдын 22-ноябры № 5/3
“Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылдын 9 айына карата социалдык-экономикалык багытта аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө”
Барпы айылдык кеңешинин күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылдын 9 айына карата социалдык-экономикалык багытта аткарган иштери боюнча Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, сунуштарды угуп Барпы айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылдын 9 айына карата социалдык-экономикалык багытта аткарган иштери боюнча Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековдун маалыматы эске алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы | У.А.Абдыкулов |