БАРПЫ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы
2021-жылдын 22-ноябры № 5/5
“Төөлөс айылындагы көчөгө ат коюу жөнүндө”
Барпы айылдык кеңешине келип түшкөн Адилет Бостоновдун арызын жана Социалдык маселелер, билим берүү жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Апсаламовдун Төөлөс айылындагы Айтиев Санжарбектин үйүнөн Бостонов Тагайбектин үйүнө чейинки көчөгө Бостонов Арапбайдын ысымын ыйгаруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап, сунуштарды угуп Барпы айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Төөлөс айылындагы Айтиев Санжарбектин үйүнөн Бостонов Тагайбектин үйүнө чейинки көчөгө Бостонов Арапбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Төөлөс айылындагы Айтиев Санжарбектин үйүнөн Бостонов Тагайбектин үйүнө чейинки көчө Бостонов Арапбай көчөсү деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы | У.А.Абдыкулов |